Депутат Айнура Осмонова күйүүчү майлардын баасы боюнча мониторинг кылуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Май куюучу жайларда күйүүчү майлардын баасы кымбат. Бул боюнча мониторинг кылган кызмат барбы?" - деп сурады депутат.
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев баа кандайдыр бир кыска мөөнөттө өсүп же түшүп кетсе реакция кылына турганын айтты.
Депутат: "Дүйнө жүзүндө күйүүчү майдын баасы төмөндөдү. Май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы кымбат болуп жатат. Мониторинг кылып жыйынтык чыгарыш керек. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ишин көрсөтө алган жок. Ушундай кызмат керекпи?" - дейт.