Киши колдуу каза болгон ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш иши акырына жетип калды. Жакынкы арада иш сотко өтөт.
1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран да бар.