Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир жылдык отчёту каралып жатат.
Анда депутат Рыскелди Момбеков бир катар сын-пикирлерин айтты.
"Азамат Болгонбаев Байкоочу кеңештин төрагалыгына келгенде сүйүндүм эле. Азамат иним акын, акыйкатка жакын деп кубангам. Бирок калыстыгыңызды көрө алган жокмун. Сиздин отчётуңуз башкаруучу органдын эмес, аткаруучу органдын баяндамасы болуп калыптыр. Өткөн аптанын этегинде биз бир нече саясий партиялар, саясий ишмерлер биригип, шайлоого ынтымак менен баралы деп эки мүнөттүк сюжетти КТРКга төлөп көрсөтүп койгула десек, үгүт иштеринин тарифи менен 176 миң сомду алып, кечинде кайра баш тартты. Акаевдин убагында Карыпкулов, Атамбаевдин убагында Карыпбеков да мындай кара санатайлыкка барган эмес. Эмитен элди экиге бөлүп жатасыңар. Силер ушундай тейлөө менен президенттин саясатына саботаж кылып жатасыңар. Шайлоо баштала электе шайтан оюндарды баштадыңар. БШКдан кат алып кел дейт, БШК биз бербейбиз деп президенттин жарлыгы чыга электигин айтышты", - дейт ал.
Байкоочу кеңештин төрагасы Азамат Болгонбаев: "Биз жаңы директорду шайлаганда ушундай саясий иштерде калыс бололу деген багытта талап коёбуз. Бул маселени калыс чечип бергенге аракет кылабыз. Кийинки жыйында бул боюнча каралат", - деди.
КТРКнын директору Жайнак Үсөн уулу: "Биздин позициябыз бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Буга чейин дагы башка партияларга баш тартылып келген. Бул маселе такталат", - дейт.