Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеште жарнама берүүчүнүн салык органдарында катталганын тастыктоочу реквизиттерин көрсөтмөйүнчө, жарнаманы ЖМКга жарыялоого тыюу салуу сунушталды.
Бул мыйзам долбоору боюнча экономика министринин орун басары Бекболот Алиев баяндама жасады. "Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагына электромобилдерди импорттоп келүүдө салык жеңилдиктерин берүүнү, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү ишканаларында чыгарылган электромобилдерди кошумча нарк салыгынан бошотууну карайт. Мыйзам долбоору тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр өндүрүүдө жана импортоодо башка мунай зат продуктулар деген шылтоо менен акциз салыгын жашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу жолу менен өндүрүлгөн жана импорттолгон мунай зат продуктулардан акциз салыгын чогулушун көбөйтүүгө багытталган", - дейт ал.