Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралууда.
Анда Байкоочу кеңештин мүчөсү Анаш Кадырова КТРКда реформа болбой жатканын айтты.
"Жайнак Үсөн уулун 16 талапкердин ичинен директор кылып тандап алганбыз. Бул кишинин программасы абдан жакшы жазылган. Анын программасында "КТРКга реформа жасайм, акча таап келем, жаңылануу киргизем" деп жомок жазылыптыр. Бир жыл болуп калды КТРКда такыр эле реформа жок. Бир нерсе болсо эле акча жок деп айтат. КТРКда өмүр бою акча жок деп келебиз. Анын жол-жоболорун ойлош керек да. Жок дегенде өзгөртүүлөрдү киргизип, оптимизация жасоо зарыл. Жааматта ынтымак кетти. Байкоочу кеңешти Жайнак Үсөн уулу тоготпойт, укпайт. Добушубуз керек болгондо гана тоготуп келген. Бул киши келсе ар тараптуулук болот го деп ойлогонбуз. Эч кандай реформа, жыйынтык жок", - деди ал.