Депутат чек арага чектеш аймактарда өзбек, тажик телеканалы иш алып барып, алар өз идеологиясын жайылтып жатканын айтты

Депутат Эльвира Сурабалдиева чек арага чектеш аймактарда өзбек, тажик телеканалы иш алып барып, алар өз идеологиясын жайылтып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал улуттук коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү маселе катары саналган мамлекеттин маалымат саясатына токтолду.

"Аймактарга иш сапары менен барганыбызда аталган телеканалдардын материалдары жаштарга терс таасир берип, башка элдин тили, маданияты, салт-санаасы сиңип жатканы боюнча арыздануулар көп түшүүдө", - деди депутат.

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу чек арага чектеш райондордо өзбек жана тажик телеканалдарынын санариптик сигналдары жайылып, Кыргыз өлкөсүнүн каналдар да аталган өлкөлөрдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан