Бүгүн, 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздай турган жана электробустарды чыгара турган "Кыргыз унаа курулуш" заводуна барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, завод өз ишин баштады.
Аталган ишкана ишке кириши менен 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү, ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.
Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнөн чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.
Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.
Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.
Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жамааты менен болгон баарлашууда ишкананын ишмердүүлүк масштабына купулу толгонун билдирип, өлкөдө мындай завод биринчи жолу курулуп жатканын белгиледи.
Мамлекет башчы 2001-жылы Японияга окуу программасынын алкагында "Тошиба" компаниясынын заводунда болгонун эскерип, япон корпорациясынын ишмердүүлүгү менен корпоративдик этиканын принциптери жөнүндө айтып берди.
"Тошибанын" ар бир кызматкери иштеген ишканасына өзүнүн менчигиндей мамиле кылып, анын өнүгүшүнө кызыкдар экен. Өздөрүнүн билими менен күчүн арнап, алардын жетиштүү жашоосуна таасир этерин аңдап, компаниянын гүлдөп-өсүшү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштешет", - деди президент.
Мамлекет башчы корпоративдик биримдикке чакырып, ишкананын ийгиликтүү ишмердиги ар бир жумушчунун жана жалпы эле эмгек жамаатынын аракетинен көз каранды экендигин баса белгиледи.
Президент аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги ишкерлердин демилгелерин колдоого өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Өлкөнүн каржы институттарынын каражаттарынын көп бөлүгү негизинен аймактардагы ишкердикти колдоого багытталган.