Депутат өкмөт тез арада күйүүчү майдын баасын төмөндөтүшү керектигин белгиледи

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөт тез арада күйүүчү майдын баасын төмөндөтүшү керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өткөндө ушул жерде өкмөт отчёт тапшырып жаткан учурда депутаттар күйүүчү майга болгон бааны арзандатуу боюнча маселе көтөргөн. Өкмөт башчы арзандатуу боюнча убада берди. 20 күн өттү, арзандаган жок. Казакстандан, башка жактан күйүүчү майларды алып келип сатып жатышат. Аларга уруксат берели. Дыйкандарга арзан баадагы күйүүчү майлар керек. Өкмөт тез арада күйүүчү майдын баасын арзандатышы шарт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан