Вице-спикер: "Кыргыз-Казак чек арасында көйгөй жаралбаш үчүн өкмөт иш алып барышы керек"

Вице-спикер Мирлан Бакиров чек арада турган жүк ташуучу унаалардын көйгөйү боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал келечекте мындай жагдайлар жаралбашы үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керектигин айтты.

“Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан өткөрмө жайларындагы абал калыбына келе баштаганы тууралуу жакшы кабар алдык. Бул жагдай биринчи эмес, буга чейин да болуп келген. Мен эки ай мурун эле жакында жер-жемиш бышып, аны экспорттоо иши башталары тууралуу айткам. Коңшу мамлекеттер менен “жашыл коридор” ачуу механизмин сүйлөшүп, бат бузулуучу жер-жемиштердин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо багытында иштер жасалышы керек болчу. Бирок тийиштүү жумуштар аткарылган жок. Тескерисинче казак тарап жүк ташыган унаалардын керектүү документтери жасалма болгондугу боюнча 13 миңден ашуун факты бар экенин жүйө келтирип, бизге доомат коюуда. 10 миң 300дөн ашык товар башка адамдарга жана компанияларга катталгандыгы тууралуу да айтылды. Өкмөт бул маселеде далилдүү иш алып барышы шарт”, - деди Мирлан Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан