Вице-спикер: "Өкмөт башчы келечекте медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча маселени карап чыгышы керек"

Вице-спикер Аида Касымалиева өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселесин карап чыгышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы бир аз көтөрүлгөн. Бирок медициналык кызматкерлердин базалык бөлүгүнүн айлыгы көтөрүлгөн эмес. Биз баарыбыз түшүнүп турабыз, бюджетте таңкыстык бар. Бирок ошого карабастан, өкмөт башчы бардык тараптар менен чогулуп келечекте айлыктарын көтөрүүнү карап чыгышы керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан