Депутат Гүлшат Асылбаева акча алмаштыруу жайлары боюнча мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал бул мыйзам долбоору акча алмаштыруучу жайларды жабууга багытталбаганын айтты.
"Бул мыйзам долбоору боюнча бизге кайрылуулар келип жатат. Анын ичинен акча алмаштыруу жайларынан бир жылда 100 миллион сом, буга кошумча 10 миллион сом киреше салыгы түшөрү тууралуу кат да келди. Бирок мен белгилеп кетким келет. Расмий маалыматтар айтылган суммадан үч эсе аз. Тагыраагы, акча алмаштыруу жайларынан 37 миллион сом гана түшөт. Ал эми киреше салыгы тууралуу маалымат жок. Мыйзам долбоору акча алмаштыруу жайларын жабууга багытталган эмес. Жөн гана мамлекет менен кызматташуунун жаңы формасы сунушталууда", - деди ал.