Юридикалык жактар газ үчүн төлөмдөрдү терминалдар аркылуу өткөрө алышат

Юридикалык жактар газ үчүн төлөмдөрдү терминалдар аркылуу өткөрө алышат. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында орнотулган Pay 24 төлөм системасынын терминалдарында жаңы кызмат көрсөтүү пайда болду – ал колдонулган газ үчүн юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу. Акча каражаттарын которуу процедурасы 5 мүнөткө жетпеген убакытты алат.

Аны «Pay 24» төлөм терминалдары аркылуу кантип өткөрсө болот? (кадамдар менен)

Арзымат Алдаяров, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси – коммерциялык директор:

«Буга чейин биздин абоненттер – юридикалык жактар жана жеке ишкерлер эсеп-дүмүрчөктөр аркылуу коюлган төлөмдү өткөрүү үчүн кеңселерге барууга туура келчү. Коронавирус инфекциясынын таралышын жана киргизилген атайын чараларды эске алып, юридикалык жактарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында Pay 24 төлөм системасынын терминалдары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырдык. Терминалдар өлкөнүн көптөгөн азык-түлүк дүкөндөрүндө жана соода борборлорунда орнотулган. Биз мындан ары дагы өнөктөштүк төлөм системаларынын тармагын өнүктүрүүнү пландап жатабыз».


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан