Депутат Акылбек Жапаров чек ара аймактарындагы жашоочуларга курал алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылды

Депутат Акылбек Жапаров чек ара аймактарындагы жашоочуларга курал алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында "Курал жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

"Мергенчилер үчүн курал, өзүн-өзү коргоо үчүн курал деген эмне экени боюнча чек ара аймактарынын жашоочулары атайын тартип жазуу керекпи? Биздин коңшулар тарабынан миномёттук чабуулдар болот, ал эми биз тараптан адамдар таш менен гана коргонушат. Бул боюнча 2001-2002-жылдары дагы сөз болгон", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев чек арага жакын аймактарда жарандар курал-жарактарды жалпы тартипте алыша турганын айтты. "Курал-жарак менен көйгөйлөр жок", - деди ал..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан