Бүгүн, 11-июнда болжол менен саат 14:51де Бишкек шаардык Ленин РИИБине көп кабаттуу үйдөн адам кулап кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, билдирүүдө белгисиз адам шаардагы Масалиев көчөсүндөгү курулушу аяктай элек көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөнү айтылган. Айтылган дарекке опер кызматкерлери барып, күбөлөрдөн 1998-жылы туулган жигит 8-кабаттан кулап кеткенин билишкен. Ал ошол имаратта курулушчу болуп иштеген.
"Курулушчу жигит бийиктиктен кулаганда алган жаракатынан улам жеринде көз жумган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда орун алган кырсыктын себептери аныкталууда", - деп айтылат Ленин РИИБнин маалыматында.