Депутат Бахадыр Сулейманов стратегиялык маанидеги жолдун курулушу кечеңдеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бишкек-Кара-Балта" жолунун курулушу бүтпөй жатат. Жол салынып бүткөнгө чейин эле бузула баштаганы тууралуу кептер айтылууда. Жол ортосуна суу толуп, сапаты начарлоодо. Күнү-түнү иштеп, жолду бүткөрүш керек болчу. Шылтоо айтуу оңой”, - деди депутат.
"Ата Мекен" фракциясы өлкөдөгү жолдордун курулуштарын талкуулашты.