Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өттү.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров. Мыйзам долбоору өлкөнүн турмушундагы саясий партиялардын ролун мындан ары чыңдоого багытталган. "1999-жылдын 12-июнундагы “Саясий партиялар жөнүндөгү” азыр иштеп жаткан мыйзамды, Жогорку Кеңештин 2008-жылдан азыркы учурга чейинки депутаттарынын демилгелерин анализдөөнүн негизинде иштелип чыккан. Ошондой эле мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эл аралык укуктун жалпы принциптер, эл аралык тажрыйба жана башка өлкөлөрдүн мыйзамдары эске алынган. Мисалы, мыйзам долбоорунда саясий партиялар айкын иш алып барып, программалары, уставы, каржылык ишмердүүлүгү, талапкерлерди көрсөтүү эрежелери жана партиянын ишине байланыштуу болгон башка маалыматтар ачык болууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Мындан сырткары диний жана этникалык негизде партия түзүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бирок партиянын мүчөлөрү дин ишеними боюнча чектөөгө, дискриминациялоого дуушар болбоосу керек", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Парламенттик угуунун катышуучулары депутаттар демилгелеген нормаларды талкуулап, мыйзам долбооруна бир катар сунуштарды жана сын пикирлерди айтышты. Саясий партиялардын киреше булактарын көзөмөлдөө механизмдери, салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү талкууланды. Мыйзамдарды сактабаган учурда саясий партияларды жоопкерчиликке тартуунун механизмдери жөнүндө да маселе көтөрүлдү.