Ырчы, актриса Анжелика бүгүн, 12-июнда 31 жашка толду. Карантин шартында туулган күнүн тар чөйрөдө белгилеген ырчы бул күнү дагы бир жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Ырчы баш калаадагы кеңселердин биринде "Лика" сулуулук салонунун ачылышын жасады.
Анжеликаны куттуктап келгендерге ыр, бий тартууланып, оюндар ойнотулуп, ар кандай белектер дагы тартууланды.
"Жыл сайын туулган күнүмдү белгилейм. Анткени мындай күн дайыма боло бербейт, бир жолу эле болот. Бул күнү миллион күлкү, миллион гүл, миллион эмоция тартууланат. 4-5 жылдан бери туулган күнүмө берилген гүлдөрдү медреселердеги кыздарга таратууну адат кылгам. Андан тышкары 12-июнь күнү төрөлгөн бардык айымдарды туулган күнүмө социалдык тармак аркылуу чакырып, белектерди берип келем. Азыр сиздер көрүп турган гүлдөрдү быйыл дагы көп балалуу энелерге, ушул күнү төрөлгөндөргө тартуулайм", - дейт ырчы.
Бүгүнкү майрамдык иш-чаранын башында турган Анжелика айымдын ата-энеси болду. Алар кызынын жетишкендигине сыймык менен карап, ушул ийгиликтер жеке өзүнүкү экенин айтышты.
"Кызыбыз ушундай кырдаалда жумушсуз отуруп калгандарга иш орундарын түзүп берип жатат. Ушунун баары өзүнүн жетишкендиги. Албетте, биз кызыбыз менен сыймыктанабыз. Келечекте кызыбыз дагы кыздары менен сыймыктанган эне болсун", - деп тилектерин айтышты.
Иш-чарага ырчы Асель Кадырбекова, таттуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека, ырчы Омар жубайы менен, Гүлзат Чыныбек кызы жана башка шоу бизнес өкүлдөрү келишти.
Концерттик бөлүк жыйынтыкталгандан кийин ырчы айым атайын даярдалган 3 кабаттуу тортту кесип, меймандарга ооз тийгизди.
12-июндун жылнаамасы.