Ысык-Көлгө 16 жаштагы бала чөгүп кетип, каза болду

Ысык-Көлгө 16 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кырсык бүгүн, 12-июнда Чолпон-Ата шаарында болгон.

"Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучу тартылган", - дешти ӨКМдан.

Анда белгиленгендей, бала каза болуп калган. Куткаруучулар суудан анын жансыз денесин алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан