Бишкекте эртең менен кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Бактыга жараша кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок деп билдирет Патрулдук милициянын басма сөз катчысы.
Жол кырсыгы бүгүн, 13-июнда саат 08:00 чамасында Жусуп Абдрахманов менен Михаил Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобус менен Мазда Демио жеңил унаасы сүзүшкөн. Кичи автобусту 1995-жылы туулган М.К. аттуу жаран башкарып бара жаткан, ал эми жеңил унаа 1993-жылы Б.О. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең денесинен жеңил жаракаттарды алышып, "Тез жардам" кызматы тарабынан жеринде жардам көрсөтүлдү. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Ал эми унаалар айып короосуна токтотулду", - дешти мекемеден.