Токтогул ГЭСинде күзөтчү болуп иштеген 45 жаштагы жаран асынып алды

Жалал-Абадда Токтогул ГЭСинде иштеген күзөтчүнүн жансыз денеси асынган абалда табылды. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Окуя тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмгө бүгүн, 14-июнда эртең менен түшкөн. Анда Токтогул ГЭСинин күзөтчүсүнүн жансыз денеси табылганы тууралуу айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, күзөтчүнүн асынып алганын, анын денесинде эч кандай көк ала тактар болбогонун аныкташкан. Каза болгон жаран 1975-жылы туулган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине суицид деп катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда тергөө жүргүзүлүп жатат", - деди мекеменин басма сөз өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mamiev
2020-06-14 16:53:12
Жайы жаннаттан болсун эмне себеп болду экен
+3
bekalife
2020-06-14 23:28:57
Табыз силерда чыдагыла сын пикирге. Кордунорбу бир мен эле эмес башкаларгада жакпайт у до хванынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан