Бишкекте 2 күн мурда күйүп кеткен тез татым жайынын кырсыктан кийинки видеосу социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан жарыяланды. Анда тез тамактануучу жайдын толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.
Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматынан кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 12-июнда саат 23:35те түшкөнүн кабарлашты.
"Бишкектин Интергельпо жана Кеңсуу көчөлөрүндө жайгашкан тез татым жайында жарылуу болуп, толугу менен күйүп кеткен. Жерине 1 бөлүм тартылып, өрт түндө өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дейт маалымат кызматынан.