Бишкек ШИИББи: "Чак түштө банк тоногондор кармала элек"

Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банкты тоногондор кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков билдирди.

"Бул иш боюнча эч кандай жаңы маалымат жок. Шектүүлөр изделүүдө", - деди Жумаков.

Окуя 12-июнда болгон. Анда бет кап тагынган эки белгисиз киши банктын имаратына куралчан киришкен. Алар банктын күзөт кызматчысына кол салып, кассадагы акчаны алып чыгып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан