Баткендин Кадамжай районунда каракчылык кылууга шектелип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта топтун курамындагы адамдар ишкерлерге кол салууга, үйлөргө кирип каракчылык кылууга шектелип жатканы айтылат.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн аты-жөнү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар бир нече кылмышка, анын ичинде оор кылмыштарды жасоого шектелүүдө. Алсак, ушул жылдын апрель айында кебетеси азиялык болгон 25-35 жаштардагы 3 адам Кадамжай районундагы үйлөрдүн бирине кирип, анын 63 жаштагы ээсин ур-тепкиге алып, баалуу буюмдарды жана акча талап кылышкан.
Анын жубайынын дагы колу-бутун байлап, тапанча менен коркутушкан. Үйдөн баалуу буюм, акча таппай калганда из жашырып кетишкен. Каракчылыктын натыйжасында үй ээсинин колу-бутунун сөөктөрү сынган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кайрадан эле май айында, түн ичинде куралданган 5 адам Үч-Коргон айылынын тургунунун үйүнө кирип, андагы үй-бүлө мүчөлөрүнө күч колдонуп, тапанча менен коркутушкан. 43 жаштагы үй ээси менен анын жубайынын денелерине залал келтиришкен. Мындан сырткары 17 жана 16 жаштагы балдардын колу-бутун байлап коркутушкан. Алар үйдөн 9 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетишкен. Ошондой эле үйдөгү алтын буюмдарды дагы көтөрө кетишкен.
Ушул жылдын июнь айында ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыштарды жасоого шектелип, 1994-жылы туулган Баткен облусунун мурда сот жообуна тартылган М.У. аттуу тургуну менен 1993-жылы туулган Кадамжай районунун тургуну М.Н. кармалган. Шектүүлөрдү тинтүү процессинин жүрүшүндө алардан эки тапанча, колго жасалган бычак табылган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган топтун башка мүчөлөрү дагы изделип жатканы маалымдалат.