Бишкек шаарындагы Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде газ баллон жарылды деген видео интернетке тарады.
Видеону интернет колдонуучу жүктөп, анын жанында шаурма даярдаган да жай бар экенин жазды.
"Каза болгондор жана жабыркагандар жок деп үмүт кылам", - деп жазды ал.
Мындан тышкары дагы бир видео телеграмм каналдардын бирине тарады.
Маалымат расмий тастыктала элек.