Бишкек шаарындагы Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде газ баллон жарылды деген видео интернетке тараган. Маалыматты ӨКМдан тастыкташты.
Анда алдын ала маалыматтар боюнча, наабайкана күйүп жатканы айтылды.
"Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан наабайкана, дарыкана жана тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - дешти маалымат кызматынан.