Бишкекте наабайканадан чыккан өрттөн бир адам каза болду

Бишкек шаарындагы Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан наабайканадан чыккан өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына ӨКМнын маалымат кызматынан тастыкташты.

Анын айтымында, маркумдун аты-жөнү такталууда. "Кырсыктан бир киши каза болуп калды. Азыр анын ким экенин тактап жатабыз. Өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бригадасы тартылды", - деди маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин Бишкектеги кафелердин биринде газ баллон жарылды деген видео интернетке тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан