Кыргыздын эки режиссеру Сүйүн Откеев менен Канат Култаевдин кош келген туулган күнү.
Бүгүн, 15-июнда режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев 40 жашка толду. Ал жыл сайын туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда тосуп келерин айтты. "Бүгүн иш күнү болгондуктан жумушка чыктым. Жумуштан кесиптештерим куттукташты. Кечинде үй-бүлөм менен тосом. Эң көп берилген белектер китеп болду. Демек мен китепти көп окуган, китеп жакшы көргөн адамдардын катарын толуктайт экем деп кубандым", - деп ал SUPER.KG порталына билдирди.
Режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. 1986-жылы Макаренко мектебине окууга бара баштаган. 1993-жылы Кыргыз-Түрк балдар лицейине тапшырган. 1997-жылы окууну аяктап, Ош технологиялык университетине Байланыш түйүндөр жана коммуникация системалары адистигине тапшырган. Андан кийин Германиядагы Лемго шаарында жайгашкан университеттин Медиа продакшн факультетинде окуган.