Күйүүчү майдын коопсуздугу. Унаанын кыймылдаткычына туура кам көрүүнү адистер түз эфирде айтып беришет

Автомобиль тармагындагы кесипкөйлөрдүн күйүүчү майдын коопсуздугу боюнча билимин арттырууга багытталган программа онлайн-сессия түрүндө өтөт. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан программа 17-июнда "Автостат" аналитикалык агенттигинин порталында болот. Онлайн курс И.М.Губкин атындагы Орусия мамлекеттик мунай, газ университетинин жана "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын эксперттеринин катышуусунда иштелип чыккан. Түз эфирде автоунааны күйүүчү май менен камсыздоо системиндеги оптималдуу тейлөө жана иштөө, күйүүчү май рыногунун учурдагы тенденциялары жана мотор отунунун сапатын объективдүү көзөмөлдөө технологиялары жөнүндө тармактын алдыңкы адистери төмөнкүлөрдү айтып беришет:

  • Леонид Багдасаров – техника илимдеринин кандидаты, И.М. Губкин атындагы Орусия мамлекеттик мунай, газ университетинин химмотология кафедрасынын доценти;
  • Виталий Лисин – техника илимдеринин кандидаты, Сибирь мамлекеттик автомобилдик унаа университетинин "Автомобилдерди оңдоо жана эксплуатациялоо" кафедрасынын доценти;
  • Виктор Чуяков – "Газпромнефть" май куюучу компаниясынын мотор майларын сатуу тармагынын "Нефтеконтроль" программасынын жетекчиси.

Онлайн сессияны Орусиянын "Биринчи" каналынын алып баруучусу Анастасия Трегубова жетектейт.

"Күйүүчү май классы" бул Губкин атындагы Орусия мамлекеттик мунай, газ университетинин жана "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын жалпыга жеткиликтүү болгон күйүүчү май коопсуздугу боюнча билим берүүчү алдыңкы программаларынын бири.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөр менен тааныша алышат:

  • Заманбап күйүүчү май кандайча өндүрүлөт жана анын параметрлери кыймылдаткычка кандай таасир этет;
  • Орусиядагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү май куюучу жайларда кандай күйүүчү майлар сатылат;
  • Унаанын жүрүүсү начарласа, күйүүчү май таасир эткен болобу жана кыймылдаткычтын туруктуу иштөөсүн кантип камсыз кылуу керек;
  • Белгилүү бренддин күйүүчү майын сатып алуунун кажети барбы;
  • Май куюучу жайлардын жана андагы сатылып жаткан товардын ишенимдүүлүгүнө кантип ынанса болот.

Түз эфирде күйүүчү май тармагынын алдыңкы эксперттери пандемия шартында май куюу жана тазалоо иши кандайча өзгөрүп жаткандыгы жөнүндө айтып беришет. Ал эми тажрыйбалык бөлүктө эксперттер унааңызга туура бензинди, дизелди кантип тандоону, анын сапатын кантип текшерүүнү, унаанын кыймылдаткычынын узак жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылууда кандай алдын алуу чаралары көрүлөрү боюнча сунуштарды айтышат.

"Күйүүчү май классы" аталышындагы программа Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү унаа ээлери үчүн пайдалуу болот. Унаа сүйүүчүлөргө жана күйүүчү май тармагындагы адистер үчүн автоунаанын натыйжалуу иштөөсү жана күйүүчү май тутумунун коопсуздугу маанилүү.

Буга чейин аталган программанын алкагында өткөн сессияга дилердик жана автоунаа тейлөө борборлорунун, транспорттук жана өнөр жай ишканаларынын, ошондой эле Москвадагы, Санкт-Петербургдагы, Екатеринбургдагы, Новосибирсктеги, Омсктогу, Кемеровдогу, Челябинсктеги, Тюмендеги, Красноярсктагы, Алматыдагы (Казакстан), Дүйшөмбүдөгү (Тажикстан) көз карандысыз май куюучу жайлардын түйүндөрүнүн 800дөн ашуун адистери катышкан.

"Күйүүчү май классы" онлайн сессиясынын жүрүшүн Бишкек убактысы менен 17-июнда саат 15:00дө "Автостат" аналитикалык агенттиктин порталынан көрө аласыз.

Онлайн сессияга катталып, адистерге суроо узатуу үчүн шилтеме:

https://toplivoclass.autostat.ru/online2020

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан