Ырчы Малик Аликеев Бишкекке алып келинип, борбордогу ооруканага жаткырылды (фото)

Белгилүү ырчы Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова айткан.

Ырчы Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

"Малик Аликеев агабызды ооруканага жайгаштырдык. Абалы жакшы, жакынкы убакта, эгер кальцийи калыбына келсе хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков операция жасайт. Мунун алкагында жасала турган бардык иштер биздин көзөмөлүбүздө болот.

Андан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков атайын материалдык жардам бөлүп, ал жардамды президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевич тапшырды.

Малик агабыз кубануу менен баарыңыздарга саламын жолдоду. Ырчы күз мезгилинде сахнага чыгып каларын жана жеке концертин даярдай тургандыгы убадалады", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Fatimka
2020-06-17 10:58:22
Жакшы болуп кетиниз. Сахнадан кутобуз.
+12
zhanar75
2020-06-17 11:47:43
Больницадагы кроваттын эскилиги жетип калганбы. Малик Аликеевке ден-соолук каалайм
0
Tyty1990
2020-06-17 11:53:47
Ушинтип тирүү кезинде сыйлап койсок жакшы да.
+5
Asel69
2020-06-17 13:49:13
Теңирим сизге ден соолук берсин.
-4
Ma9
2020-06-17 14:21:24
Жакшы болуп кетсинжардам бергендерге дагы рахмат
+1
Tiken
2020-06-17 15:08:35
Травматологияны как раз Таластыктар кармашат да, агабыз жакшы болуп кетсин буюрса.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан