Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн эки Кыргыз жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, кармалгандардын бири 1974-жылы туулган Жалал-Абад облусунун К.А аттуу тургуну. Бишкектеги Октябрь райондук милициясынын базасында 2011-жылдан бери издөөдө болгон.
"Ага 1997-жылы Бишкек шаарында жасаган кылмышы үчүн "атайылап адам өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган. К.А көп жылдардан бери Орусиянын аймагында жашынып жүргөн. ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көмөктөшүүсү менен аталган жарандын жүргөн жери аныкталып, ал колго түшүрүлдү. Учурда аны өлкөгө экстрадициялоо меселеси каралууда", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, мамлекеттер аралык издөөдө болгон дагы бир Кыргыз жараны укук коргоо органдары тарабынан кармалып, ал июнь айында өлкөгө келген. 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын В.З. аттуу тургуну алдамчылыкка шектелип жатканы айтылат. Ал аялды Свердлов райондук милициясы 2019-жылдан бери издеп жаткан. В.З. 2009-жылдан 2017-жылга чейин жашаган жарандык никедеги жолдошунун 70 миң доллар акчасын алып качып кеткен дегенге шектелүүдө.
"Анын жолдошу ишкер болгондуктан, чогуу жашап жаткан маалда жубайына бизнесин жүргүзүүнү ишенип өткөрүп берген. В.З. жогоруда айтылгандай ири суммадагы акча каражатын алып, белгисиз тарапка кеткенин жолдошу өз арызында көрсөткөн. Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында шектүү Орусиянын аймагынан кармалган", - деп билдиришти ИИМден.