Аксыда дарыяга түшүп кеткен 17 жаштагы баланы издөө иштери туугандары тарабынан токтотулду

Жалал-Абадда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы баланы издөө иштери токтотулду. Иш-чара сууга түшүп кетти делинген жарандын жакындарынын уруксаты менен токтотулганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

14-июнь күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткендиги маалымдалган.

"15-16-июнь күндөрү куткаруучулар издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес. Издөө иштерине жалпы 14 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылган. Баланын туугандары ыраазычылык кат жазышып, издөө иш-чаралары токтотулду", - деп кабарлашты мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-06-17 13:02:31
Айылдын атын жазбай эле турбапсынарда Ата энеси уга элек болчу Россиядан келе элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан