XIII эл аралык Ысык-Көл оюндарынын төртүнчү күнү аяктады. Анда Бишкек шаарынын спортчулары 132 байгелүү орундарга ээ болушканын Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти. Алардын 51и алтын, 46сы күмүш, 35и коло медалдар. Белгилей кетсек, “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураандын алдында өтүп жаткан мелдеште Бишкек шаарынын намысын 400 спортчу коргоодо.