Шоу-бизнес өкүлдөрү ырчы Малик Аликеевге акчалай жардам беришти

Ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан ырчы Малик Аликеевге кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнөн турган топ барып кайтты.

Маданият өкүлдөрү ырчынын ал-акыбалы менен таанышып, материалдык жардам иретинде 90 миң сом тапшырышты. Бул демилгенин башында турган ырчы Айчүрөк Иманалиева Малик Аликеевге көрсөтүлө турган жардам муну менен чектелбей турганын айтат.

"Мен Малик Аликеевдин ден соолугу тууралуу уккандан кийин өнөр адамдарын топтоп, жардам берели деген оюмду айттым. Менин демилгемди колдогондор болуп, ушул сумма топтолду. Кандай инсандарыбыз өтүп жатат, биз адамдын көзү өткөндөн кийин чогулуп, акча топтоп куран окуп калабыз. Ошол куран окутабыз деп топтогон каражатты ушундай учурда берип, жакшылык кылсак болот да. Жардам берели деп элге дагы кайрылганбыз, бирок элге жарнама жеткиликтүү болбой калды окшойт. Каражаттын дээрлик баары чыгармачыл адамдар тарабынан топтолду. Буюрса, Малик Аликеев жакшы болуп, ооруканадан чыгарылса дагы материалдык жардам берели деп турабыз. Уулум Арлен дагы жолдоштору менен жардам берейин деп жатат", - дейт ырчы.

Өнөр адамдарынан турган топто Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Гүлшайыр Садыбакасова, Каныкей Эралиева, Эмгек сиңирген артисттер Айчүрөк Иманалиева, Алтынай Нарбаева, Айнура Турганбаева, Динара Акулова Бактияр Токторов, Мирбек Атабеков жана башка бир катар ырчылар, актёр, актриса, студиялардын ээлери, тамадалар дагы бар.

Малик Аликеев кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жылдан бери төшөктө жатканы кабарланган. Ага операция жасатуу керек экенин ырчынын продюсери Чынара Итигулова айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asel69
2020-06-17 13:30:21
Тенирим ден доолук берсин сизге. Бар болуңуз. Жараткан Тенирден ден соолук тилеңиз. Баадыгы бир гана Теңирдин колунда.
-6
KaGaH
2020-06-17 13:36:36
Asel69,Алла талаам колдосун
+4
Tymar
2020-06-17 13:57:08
тенир сизди колдосун
-1
Aiza-esenalieva
2020-06-17 14:39:36
Малик Аликеевдин ырын ырдагандар сөзсүз жардам кылгыла! Аман болсун!
+4
vikidiki
2020-06-17 19:06:23
Aiza-esenalieva,Ооба ,тойдо ырларын ырдап ,чөнтөк толтуруп жүргөндөр жакшылап жардам беришсин!
+1
Fatimka
2020-06-17 14:48:39
Аллах шыпаасын берсин.
+1
aydinnur
2020-06-17 14:51:04
Чын дилден ыраазы болуп кулуптур Малик байкебиз!Айыгып чыгып ,элге онор тартууланыз Малик байке!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан