15-июнда Бишкектин Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан наабайканадан чыккан өрттүн кесепетинен бир адам каза болгон. Маркум 25 жаштагы Г.Т. аттуу эркек киши экени белгилүү болду. Маалыматты бүгүн, 17-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз өкүлү билдирди.
"Өрт боюнча 261-берененин (өрт эрежелеринин коопсуздугун бузуу) негизинде ачылган өндүрүш ишинде "Шаурма на мангале" тез тамактануучу жайдын ижарачысы кармалды. Кармалган жаран 1989-жылы туулган Э.Б. учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп кошумчалады мекеменин маалымат катчысы.