Ош облустук соту күйөөсүн арматура менен уруп өлтүргөн аялдын жаза мөөнөтүн кыскартты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 17-июнь күнү Ош облустук сотунун жазык жана жорук иштери боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен айыпталган П.Г.нын жазык ишин карап, ал боюнча Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 5-мартында кабыл алынган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Мындан сырткары соттолуучуга карата 2020-жылдын 8-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамы колдонулуп, белгиленген жазанын үчтөн бир бөлүгү кыскартылуусу көрсөтүлгөн. Өкүм акыркы эмес жана нааразы тарап көзөмөл иретинде Жогорку Сотко даттанууга укуктуу", - деп жазылган билдирүүдө.
Эске салсак, күйөөсүн арматура менен сабап өлтүргөн аялды Ош шаардык соту 2020-жылдын 4-мартында күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 90 миң сом айып салынган.
Окуянын чоо-жайы:
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. аттуу келинди кармашкан. Келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алган. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, маркум 1973-жылы туулган Ы.Ү. өз аялы менен өз ара пикир келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон.
2019-жылдын 19-ноябрында болжол менен саат 23:30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен башына үч ирет чапкан. Натыйжада маркум Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө "Тез жардам" кызматын аялы жана коңшусу чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, коңшусуна "сырттан жараат алып келип, жатып калды" деп айткан. Каза болгон жаран Ош шаарында маршруттук такси айдап иштеген. 4 баланын атасы болгон.