Эл аралык теннис федерациясы билдиргендей, кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Tashkent Open аттуу, байге фонду 220 миң долларды түзгөн мелдешке катышууга укук алды. Тандап алуу оюндарында Ксения Палкина орусиялык Валерия Савинаны 6:2, 6:3 эсебинде жеңип алганы белгилүү болду. Негизги беттештер 9-сентябрда башталат. Ксения Палкина япониялык Риса Озаки менен жуптук оюн өткөрмөй болду. Мелдеш WTAнын (Эл аралык айымдар теннис уюмунун) 40 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.