Түркиянын Стамбул шаарында "Challenger" аттуу теннис мелдеши өтүп жатат. Данияр Дулдаев мелдешке тандап алуу турунда эки спортчу менен беттешип, жеңишке жетти. Алгач австралиялык Жордан Керрди 6:3, 5:7, 6:3 эсебинде уткан. Экинчи беттеште дүйнөлүк рейтингде 325-орунда турган британиялык Брайдан Клейн менен беттешип 6:4, 1:6, 7:6 эсебинде жеңишти багынтты. Ал эми Данияр Дулдаевдин дүйнөлүк рейтингдеги орду 795-орун. Спортчунун кийинки атаандашы орусиялык Денис Маткевич болору аныкталды. Мелдештин байге фонду 75 миң доллар.