Социалдык тармакка козу грилди жарнамалаган ролик жарыяланып, кыска тасма талкууга алынды. Анда интернет колдонуучулардын айрымдары "ала качууга үгүттөп жатат" дешсе, айрымдары тамашалуу ролик болгонун айтышып, эки жаатка бөлүндү.
Видео актёр Азамат Исмаилов жана компания тарабынан социалдык тармакка жүктөлүп, кызуу талкууга алынгандан кийин өчүрүлгөн. Видео жана анын өчүрүлүшү боюнча Азамат Исмаиловго байланыштык.
"Бул жарнамалык ролик талкууга алынгандан кийин компаниядан азырынча социалдык тармактан өчүрө туралы дешти. Роликтин сценарийин мен жазгам. Анда ала качууга үгүттөө жана башка жоруктарды жасоого чакырык ташталган эмес. Бизде илгертен бери эле ала качуу болуп келген, жакшы жер болсо кыздарын калтырып кеткен учурлар деле болгон да. Ролик сарказм менен тартылган. Туура кабыл алып, жакшы пикирлерин калтыргандар көп болуп жатат. Ал эми ала качууну пропаганда кылдыңар дегендер үчүнчү жактар болсо керек", - дейт актёр.
Интернет айдыңына желдей тарап жаткан роликте жигит жаңы эле таанышкан кызын ала качып кетет. Атасы уулунун бул кылганы туура эмес экенин айтып, болор иш болду деп болочоктогу кудаларын көндүрүүгө аракет кыларын билдирет. Кызын алып кетем деген атасы козу грилдин даамын татып көргөндөн кийин куда болууга макул болот.