Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 3 кызматкери кармалып, СИЗО-1ге киргизилди

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 3 кызматкери кызматынан кыянаттык менен пайдаланган делинип кармалды. Мындан тышкары коммерциялык уюмдун бир кызматкери кармалды деп кабарлашты Финполдун басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө башкармалыктын мурдагы жетекчиси Б.Н., анын орун басары М.У. жана башкармалыктын учурдагы кызматкери И.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан деп шектелип, кармалды. Бул ишке катыштыгы бар делинген коммерциялык ишкананын К.А. аттуу кызматкери да кармалды.

17-июнда кармалган жарандарга карата Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты.

"Башкармалыктын мурдагы жана азыркы кызматкерлери мэриянын менчик реестринде катталган лифттерди модернизациялоо боюнча 24 миллион сомго келишим түзгөн. Көрсөтүлгөн сумма мындан бир кыйла аз болушу керек болчу. Көз карандысыз эксперттик уюмдун корутундусуна ылайык, текшерилген лифттердин андан аркы иштеши кооптуу жана адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан