Бишкекте КамАЗ менен "Тез жардам" унаасы сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алды

Бишкекте КамАЗ менен "Тез жардам" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилди деп билдиришти патрулдук милициянын басма сөз кызматынан.

Жол кырсыгы бүгүн, 18-июнда саат 13:40 чамасында Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Азыркы учурда кырсык болгон жерде кайгуул кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Agayu
2020-06-18 15:17:33
Ушундайларды көрүп Кыргызстан экинчи Швейцария деген сөзгө күйүп кетесиңда .Экинчи Авганистан болуп кеттабыз деп эч ким айтпайт.
0
AdylbekB84
2020-06-18 17:21:42
Тез жардам машинасы өзү жетпей жаткан убакта!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан