Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын биринде аялынын моюнуна таш салынган дөңгөлөк асып жазалаган окуя боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Окуяны тергөө иши толук бүттү деп кабарлады Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы.
"Аялынын моюнуна дөңгөлөк асып, чакалап суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди.
Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) жана Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жогорудагы факты Сузак РИИБинин тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши кечээ, 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк асып, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамасында Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кийинчерээк аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазганы жана ал күйөөсүн бошотууну өтүнгөнү маалым болгон.