Жолдошу тарабынан барымтага алынып, моюнуна бычак такалган аялдын абалы оор, ал комага түшүп калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.
Дарыгер бейтап борборго оор абалда түшкөнүн, келери менен ага операция жасалганын белгиледи.
"Учурда бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Кан басымы төмөн. Ал моюну жана акырегинин үстү жагынан жаракат алган. Бейтапты бул абалдан чыгаруу үчүн колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Кан басымын нормалдаштыруу үчүн дары-дармек берилип жатат", - деди дарыгер.
Эске сала кетсек, кечээ, 17-июнда Бишкектеги Ден-Сяопин көчөсүндө мас абалындагы жаран аялын барымтага алган. Анда ал аялынын моюнуна бычак такаган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жаран Биринчи Май РИИБине жеткирилген. Ал эми жабырлануучу аялга "Тез жардам" кызматы чакыртылып, ал Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.