Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ менен "Тез жардам" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алганы белгилүү болгон.
Ал эми "Тез жардам" кызматынан кырсыктан дарыгер, эки фельдшер жана айдоочу жаракат алып ооруканада экенин, бир фельдшер оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдиришти.