Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ менен "Тез жардам" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алганы белгилүү болгон.
Кийинчерээк Бишкек шаардык мэриясынан жүк ташыган унаа "Тез жардам" унаасын сүзүп кеткенин билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынан "Тез жардам" кызматынын унаасында 4 киши болгонун, учурда алар Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатканын кабарлап, кырсыктын сүрөттөрү менен бөлүштү.
"Аталган бейтапкананын башкы дарыгери Алмазбек Куватбеков "Тез жардамдын" 4 кызматкеринин тең баш мээси чайкалганын, бир фельдшердин абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандардын абалы менен таанышуу үчүн ооруканага "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов, саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова жана оорукананын бөлүм башчысы Талант Сарымсаков келишти. Бейтаптар зарыл болгон каражаттар менен камсыздалды", - деп айтылат мэриянын маалыматында.