КРнын Футбол федерациясы маалымдагандай, футбол боюнча 16 жашка чейинки Кыргызстан курама командасы 25-29-сентябрь аралыгында Ош шаарында өтүүчү Азия чемпиондугуна кызуу даярдыктарды көрүүдө. Аталган мелдешке даярданып, Бахрейнде сбордо жүргөн Кыргызстан курама командасы 8-сентябрда “Манама” деген команда менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 7:0 эсебинде жеңип алышты.