Ысык-Көл оюндарында волейбол боюнча финалдык беттештер өтүүдө

КРнын Волейбол федерациясы билдиргендей, Ысык-Көлдө өтүп жаткан мелдеште волейбол боюнча 35 жашка чейинки эркектер арасында финалдык беттештер башталды. 8-сентябрда орун алган финалдык беттештин алгачкы оюнунда волейбол боюнча Кыргызстандын учурдагы чемпиону “Салам-Алик” менен “Динамо ИИМ” командалары беттешти. Оюн 3:1 эсебинде “Динамо-ИИМдин” пайдасына чечилди. Ал эми экинчи беттеште казакстандык “Павлодар” менен “Жаңы муун” командасы беттешип, 3:1 эсебинде казакстандык команда жеңүүчү аталды. Бул оюндан кийин биринчи орун үчүн ат салышкан командалар төмөнкүдөй орунду ээлешти:

 

1. “Павлодар”  (2 оюн өткөрдү) – 4 упай 

2. “Динамо ИИМ” (2 оюн) – 3 упай

3. “Салам-Алик” (1 оюн) – 1 упай

4. “Жаны-Муун” (1 оюн) – 1 упай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан