Айдаркенде 135 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды

Бүгүн, 19-июнда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан мыйзамсыз контрабандалык жүк алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көк-Талаа айылына жакын жерден 1987-жылы туулган Н.С. аттуу жаран Daewoo Damas автоунаасында Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстандын аймагына өткөрүү жайынан сырткары жерден мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок кондиционерлерди алып өтүүгө аракет кылган жеринен кармалган. Андагы жүктүн жалпы суммасы 135 миң сомду түзгөн. Жүк жана кармалган жаран мамлекеттик бажы комитетинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AdylbekB84
2020-06-19 14:25:19
Ушунча көп кондиционер болгону 135 000 сомду эле түздүбү!
+1
sarbo
2020-06-19 14:29:02
тогуз кондиционер 20000 сомдон болгондо деле 180 мин болот го
+1
Flowhive
2020-06-19 17:10:47
Откоргондорду жөн эле койгулачы, Кыргызстанга контрабанда киргизгендерди кармагыла
+2
mirlanpiter
2020-06-20 19:07:26
Дача сууга кулаган самолёт контрабандалык товар болчу беле ?неге ушул күнгө чейин ээси жок , миллион долларлык товар үчүн эсептөө кыйын болуп атабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан