Ош облусунун Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында кечээ, 18-июнда саат 13:50 чамасында Жаңы-Турмуш айылындагы Киров көчөсүндөгү болжол менен №31 турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен Киров көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 235 чарчы метр болгон №31 турак үй жана жалпы аянты 190 чарчы метр болгон №29 турак үйү менен сарайы, Мукумий көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн аянты 100 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайы толук күйгөн. Мындан сырткары Киров көчөсүндөгү №27 турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана Мукумий көчөсүндөгү №26 турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн жалпы аянты 615 чарчы метр. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн жана ККББдан ыкчам топ, мындан сырткары ИИМден 14 кызматкер, шаардык газ кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада жана "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-06-19 13:20:39
Үйлөрдү ушинтип бири-бирине улап салбаш керекта ошон үчүн! Өтө жаман күйүптүр!
+6
ZUXRIDDIN20
2020-06-19 14:22:41
Мукумий Сукумий кылбастан башка улуттук аттардан койуш керек кочолорго
+6
Ariz0112
2020-06-20 00:22:54
Кудай сактасын ушундай айттырбай келген кырсыктан, аты жаман айыккыс ооруудан. Жаман болуптур(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан