Бишкекте кырсыкка кабылган мотоцикл күйүп кетти. Айдоочу ооруканада

Бишкекте айдоочу мотоциклди башкара албай, кырсыкка кабылды. Анын кесепетинен мотоцикл кулап, күйүп кетти. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз өкүлү кабарлап, кырсык бүгүн, 19-июнда эртең менен саат 09:00 чамасында орун алганын билдирди.

"Лев Толстой көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан айдоочу мотоциклди башкара албай, жолдун оң тарабына кулаган. Анын кесепетинен мотоцикл күйүп, айдоочу жаракат алды. Айдоочу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Азыркы учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
batleybesh
2020-06-19 22:18:40
Лев Толстой кочосунон тундукту коздой дейби?.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан