Beeline абоненттер үчүн коронавирус маселелери боюнча акысыз тынымсыз байланыш номеринин ишин улантууну туура көрдү

COVID-19 вирусуна байланыштуу суроолордун көбөйүп жаткандыгын эске алып, Beeline абоненттер үчүн коронавирус маселелери боюнча акысыз тынымсыз байланыш номеринин ишин улантууну туура көрдү. Чалуулар күн сайын 9:00дөн 18:00гө чейин *3202 номери аркылуу кабыл алынат.⠀

Суроолорго болгон туура жооптор "Скай Мобайл" компаниясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте, буга чейин келип түшкөн чалуулардын негизинде иштелип чыккан. Эгерде абоненттин суроосу тереңирээк медициналык талдоону талап кылса, ал Beeline'дын тынымсыз байланыш номеринен Саламаттыкты сактоо министрлигинин тынымсыз байланыш номерлеринин бирине багытталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин негизги тынымсыз байланыш номери: (0312) 32 32 02.⠀

*3202 тынымсыз байланыш телефону боюнча эмгектенген адистердин консультациялары Beeline'дын абоненттери үчүн үч тилде, акысыз түрдө жеткиликтүү: кыргыз, орус жана өзбек.⠀

Коопсуздук эрежелерин сактап, ден соолугуңуздарга сак болуңуздар.

Сиздин камыңызды ойлоп, Beeline.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан